Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Цементтин баасын ЖК келерки бейшембиде сессияда карайт


Мындай тапшырманы бүгүнкү сессияда төрага Айтибай Тагаев депутаттардын демилгесинин негизинде берди. Ага Антимонополия комитетинин жана башка тиешелүү министрликтердин, Канттагы цемент-шифер ишканасынын жетекчилери чакырылмакчы. Экономика жана өнүгүү министри Акылбек Жапаровдун бүгүн парламентте билдиргенине караганда цемент чыгаруучу ишкананын газ менен иштөөчү мештери ишке кирсе, бир ай аралыгында цементке баанын таңсыктыгы сээлдеши мүмкүн. Базарларда цементке баанын кескин өсүп кетишинин себептерин аныктоо талабын депутаттар эки аптадан бери күн тартибине коюп келатышат. Акыркы айда цементке баа эки эсе өсүп кетти. Мунун себебин адистер КСШИ убактылуу токтоп калгандыгы менен байланыштырышууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG