Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Башкы прокуратура кылмыштуу топтун өкүлү саналган жаранды Өзбекстанга өткөрүүнү чечти


Кыргызстандын Башкы Прокуратурасы тараткан маалыматка караганда өзбекстандык жаран Ганиев Абдусаломду Өзбекстандын Башкы Прокуратурасы улуттар аралык кылмыштуу топтун таасирдүү өкүлү, сексуалдык кулчулук үчүн адам саткан, сойкукана күткөн деп айыптап, аны өз тарабына берүүнү сураган. Аны өткөрүп берүү чечимин кыргыз тарап 21-майда кабыл алган. Маалыматка караганда Башкы Прокуратура жалпысынан чет өлкөлүк тартип кызматтарынын кайрылууларынын негизинде издөөдө жүргөн алты кишини өткөрүп берүү чечимин чыгарган.
Ал эми Кыргызстан чет өлкөлөрдөн айыптуу деп саналган 20 кишини кылмыш жазасына тартуу үчүн быйыл өз тарабына өткөрүп алды. Башкы прокуратура экстрадициялаган 13 жаранды Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы 16-июнда Бишкектеги №1 тергөө камагына жеткирди. Алар уурулук, тоноочулук, зордуктоо, чоң өлчөмдө маң заттарды ташуу өңдүү аракеттер боюнча күнөөлөнүүдө. Башкы прокуратура ошондой эле Туманов Токтогул аттуу кыргызстандык жаран былтыр 6-февралда Орусия Федерациясынан кармалып, алынып келингенин билдирди. Ал Аламүдүн районунда жашы жете элек кызды ызалады деп айыпталууда.
Мындай аракеттер КМШ алкагындагы кызматташтык укуктук жардам көрсөтүүлөр жөнүндөгү көп тараптуу макулдашуудардын алкагында жасалууда деп айтылат Кыргызстандын Башкы Прокуратурасы 18-июнда тараткан маалыматта. (BuS)

XS
SM
MD
LG