Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Эртең талапкерлер ММКда акысыз үгүт жүргүзүү үчүн чүчүкулак кармашат


Бул тууралуу Боршайкомдун шайлоону маалыматтык камсыздоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Самат Бөрүбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Шайлоо кодексинин 30-беренесинин 16-жобосуна ылайык, мамлекеттик ММКлар талапкерлердин үгүт иштери үчүн ободон акысыз убакыт же гезит беттеринде бекер аянт бөлуп берүүгө милдеттүү. Талапкерлер өздөрүнүн үгүт иштерин үч багытта: сыналгы жүгүртмөлөрү, жекече кайрылуулары жана жалпы талапкерлер менен бирдикте өткөрүүчү иш-чаралар аркылуу жүргүзө алышат. Эртең БШКда УТРК аркылуу үгүт жүргүзүүнүн тартиби талапкерлер арасында чүчүкулак аркылуу аныкталат. Иш-чара сыналгы аркылуу көрсөтүлмөкчү. (EK)

XS
SM
MD
LG