Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Жыл башынан бери Кыргызстанда 1472 жол кырсыгы катталды


Бул жол кырсыктарынан 311 адам көз жумганын "Азаттыкка" республикалык МАИнин Жол кырсыгын каттоо жана алдын алуу борборунун ага инспектору Бейшенбек Молдоканов билдирди. Маалыматка караганда, акыркы беш айда республикада жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу болгону 2% гана төмөндөдү. "Буга биринчи кезекте автомашиналардын көбөйүшү, айдоочулардын сабатсыздыгы, жол эрежелерин билбестиги, мас абалында рулга отурушу себеп болууда" - дейт Б.Молдоканов.

Айрым адистердин белгилешинче, МАИ тарабынан өлкөдөгү жол кырсыктары боюнча терең серептин жоктугу бөөдө кырсыктарга алып келүүдө. Дүйнөдө жыл сайын 1,27 миллион адам жол кырсыктарынан көз жумат. (EK)

XS
SM
MD
LG