Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Өлкөдө жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатууга тыю салынды


Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште жактырылды. Долбоордун демилгечиси –депутат Жылдыз Рахимидинова алкогол продукцияларын сатууну жөнгө салып, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатууга чек коюну сунуштаган. Жаңы мыйзамга ылайык эгер сатуучууда сатып алуучунун жашы боюнча күмөнү бар болсо, ал документ суроого укуктуу. Мыйзам боюнча жашы 18ге толгон кыргыз жараны спирт ичимдиктерин сатып ала алат. Бүгүн ЖК ошондой эле “Ишкерлерлердин укугун коргоо”, “Реклама” тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоолорду киргизди. (EK)

XS
SM
MD
LG