Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Таласта кармалган оппозициячылар милицияга түшүнүк кат жазып бошонушту


“Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын маалыматына караганда райондун Долоно айылынын жанында бүгүн түштө БЭКтин 28 кишиси кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Милиция муну административдик тартипти бузуу дооматы менен негиздешкен. Кармалгандар милицияга мындай дооматты төгүндөгөн түшүнүк кат жазып беришти. БЭКтин Таластагы 50 чамалаш өкүлү президент Бакиев жолугушуу өткөрүп жаткан “Манас-Ордо” комплексине баруучу жолго чогулушкан. Жолду тосмого алган милиция президенттин жолугушуусу бүткөндөн кийин алардын көпчүлүгүн кармап кеткен. Президент Бакиев комплексте бүгүн түшкө чейин шайлоочулар менен жолугушуп, андан кийин Ош шаарына сапар алгандыгы маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG