Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

УКМК базаркоргондук бир үй-бүлөнү “Өзбекстанга өткөрүп беребиз” деп коркутту


Бул тууралуу райондогу адам укугун коргоочу “Аба” уюмунун башчысы Азимжан Аскаров билдирди. Анын айтымында, Базар-Коргон айылында жашаган Махамаджан Сабировдун үй-бүлөсүн 14-июндан бери Улуттук коопсуздук кызматы суракка алууда. Алар 17-июнь күнү кечке жуук, саат сегизден кийин таң аткыча коопсуздук кызматынын облустук башкармалыгында болушкан. Суракка алгандар “айыбыңды мойнуңа албасан, Өзбекстанга өткөрүп беребиз” деп коркутушкан. Бүгүн аларды кайра районго алып келишип, Адина жана Сражидин Сабировду кое беришкен. Махамаджан жана Маматкадыр Сабировдор райондук коопсуздук кызматында турушат. Укук коргоочу Өзбекстандын Анжиян шаарында жардыруудан өлгөн адам Махамаджан Сабировдун уулу болушу мүмкүн деп шектелип жатканын кошумчалады. Март айында Россияга кеткен Тажидин Сабировдун азыр кайда экендиги белгисиз. “Т. Сабиров Анжиянда кылмыш кылган болсо, ага атасы менен туугандарынын кандай тиешеси бар?” – деп, суроо коет Азимжан Аскаров. Облустук коопсуздук кызматынын нөөмөттөгү кызматкери башчылары кызмат сапарында жүргөндүктөн бул боюнча эч кандай маалымат бере албай турганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG