Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

МОТУЕВ Нурлан Аманканович





"Азамат компани" ЖЧКсынын башкы директору


1969-жылы 10-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Жумгал районунун Чаек айылындагы Москва орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Орусиянын Түмөн мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. Аталган окуу жайын 1994-жылы аяктаган.

1995-жылы АКШга иммигрант болуп барган. 1996-жылы Вашингтон шаарындагы дипломаттарды тейлөө институтуна тапшырып, аны 1999-жылы аяктаган.

Талапкердин өзүнүн берген маалыматы боюнча, ал АКШнын мамлекеттик департаментинде дипломаттарга кыргыз, орус тилдеринен сабак берип эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда “Асаба” гезитинин АКШдагы кабарчысы болуп иштеген.

2001-жылы Кыргызстанга кайтып келип, саясий оппозициялык күчтөргө кошулуп, элдик- патриоттук кыймылын түзгөн.

2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин Кара-Кече көмүр кениндеги “Ак улак” мамлекеттик акционердик коомунун башкы деректири болуп иштей баштайт.

2006-жылдын май айында экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып кармалып, 2007-жылдын апрелине чейин бир жыл камакта отурган.

2007-жылдын апрель айынан 2008-жылга чейин “Кара-Кече” ачык акционердик коомунун мүдүрлөр кеңешинин төрагасы.

2008-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандагы Мусулмандар жамаатынын тең төрагасы.

2009-жылдын июнь айынан баштап Мусулмандар жамааты бирлигинин төрагасы.

Учурда ошондой эле "Азамат компани" ЖЧКсынын башкы директору.

XS
SM
MD
LG