Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Трофимов мамлекетти көп улут, көп аймак башкарышын каалайт


Мындай оюн Сергий Радонежский жана Айкөл Манас корунун башчысы Игорь Трофимов президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев баштаган мамлекеттик ишмерлерге, Жогорку Сотко, Кыргызстан элдеринин ассамблеясына мүчө улуттардын уюмдарына жолдогон кайрылуусунда айткан. Трофимовдун оюнда көп улуттуу мамлекеттин Баш мыйзамы кепилдеген жоболор аткарылбай, мамлекеттик башкарууга бардык улуттар аралашпай жатат, ошондой эле бир аймактын өкүлдөрү башкаруу үстөмдүк кылууда. Кайрылуу ээси аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийликтеринде бир улуттун жана бир аймактын өкүлдөрү басымдуулук кылып жатат деп билдирген. Мындай көрүнүштөн арылуунун жолун кордун башчысы мыйзамды сактоодон, кадр тандоого кылдат мамиледен көрөт. Сунуштарын Трофимов өзү кайрылган кырктан ашык тараптардын кыйласынын ар бирине өзүнчө жолдогон.
Сергий Радонежский жана Айкөл Манас корунун башчысы Игорь Трофимов АКШ базасын Кыргызстандан чыгаруу демилгесин алгч көтөрүп чыккан жарандардын бири.(BuS)

XS
SM
MD
LG