Президенттик жарыштан четтетилген Коргоо партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеев анын жыйнап келген кол тамгаларын БШК атайылап бурмалап эсептеди деп билдирди «Азаттыкка». Анын айтымында, БШК башка талапкерлердин топтоп келген кол тамгаларынын үч пайызын текшерип, ага келгенде тең карабай, дээрлик сегиз пайызын текшерүүгө алды. «Натыйжада, мен үчүн берилген 65546 кол тамганын ичинен 17 миң колду уурдап алышты. Ошону Жогорку Соттун судьялары түшүнүп туруп, БШКнын таламын талашып, адилетсиз чечим чыгарышты. БШК өкүлү жөнөкөй арифметиканы да билбейт экен. Жогорку Сотто БШК өкүлү "мен эсептөө боюнча адис эмесмин, мен юристмин" деп жооп берди. Ошондуктан бул шайлоо баштала элек жатып эле мыйзамсыз болуп калды. Менин шайлоодон четтетилишим Бакиевдин саясий тапшырмасы боюнча болду»,-деп баса белгиледи Акбаралы Айтикеев.
БШК А. Айтикеев жыйнап тапшырган кол тамгалардын 27,5 пайызын жараксыз деп таап, эки жарым миңге жакын кол жетпейт деген негизде аны президентикке талапкер кылып каттабай койгон. Президенттикке талапкер болуп катталыш үчүн 50 миңден кем эмес кол жарактуу болуш керек. А. Айтикеев сотко кайрылып, колдоо тапкан жок. (KCh)