Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Орусияда расисттик кол салуу үчүн алты такыр баш кесилди


2007-жылы дагестандык атуулду өлтүргөнү үчүн Андрей Почукаев менен Даниил Тевянскийлер 19-17 жылга катуу көзөмөлдөгү түрмө мөөнөтүнө эркинен ажыратылды. Калган төртөө жети жарымдан 11 жылга чейинки мөөнөт абакта болот. Бул алты нео-нацист шаар сыртындагы темир жолдо дагестандык эки кишиге кол салганда, бирөө качып кетүүгө үлгүргөн. Москвадагы Адам укуктары бюросуна ылайык, 2004-жылдан бери Орусияда расисттик кол салууларда 300дөй киши өлтүрүлүп, 1300 жараат алган.
XS
SM
MD
LG