КМШ өлкөлөрүндө тынчтыкты сактоо үчүн Жамааттык күчтөрдүн ишмердүүлүгүн жана катышуучуларын каржылоо, техникалык жана тыл жагынан камсыздоо, алардын социалдык жана укуктук кепилдиктери тууралуу 2007-жылдын 5-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган келишимдерди ратификациялап берүү өтүнүчү менен КР коргоо министрлиги парламентке кайрылган. Бул маселе 15-июнда ЖК эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитетинде каралган эле, бүгүн жалпы депутаттардын талкуусуна коюлат.(ZKo)