Мамлекет башчы Ош шаарынын борбордук аянтындагы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанына катышары күтүлүүдө. Курманбек Бакиевдин бул сапары анын президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин алкагында болууда.
К. Бакиев кечээ үгүт иштери менен Таласка барган, талапкерди облустун мамлекеттик кызматкерлери тосуп алып, коштоп жүрүштү. Мындан тышкары талапкердин урматына Бишкектен ырчылар чакырылып концерт берип, аксакалдарга тамак-аш уюштурулду. Ал эми президенттин сөзүн угуу үчүн барган жана бара жаткан айрым адамдарды милиция камакка алды. Буга алар Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн көйнөктөрдү кийип жүргөнү себеп болгон.(ZKo)