Ош шаарынын борбордук аянтындагы жолугушууда өлкө башчысы экономикалык өнүгүүлөргө токтолуп, дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстанга кесепети тийбегенин белгиледи. Ош шаардык кеңештин депутаты Асамүдүн Аттокуров “Бакиев тарыхта кала турган инсан. Ал өнүгүүнүн кыргыз моделин иштеп чыкты”,-деди. Айрым коомдук уюмдун өкүлдөрү президенттин айткан сөздөрүндө жаңы эч нерсе жоктугун белгилешип, жергиликтүү бийлик атайын сөз сүйлөөгө “дүжүр” адамдарды даярдап коюшканын айтышты. Өз көйгөйлөрүн айталык деп алыскы райондордон келишкен ондон ашуун атуулду милиция кызматкерлери аянтка киргизишкен жок. Президент түштөн кийин Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын жамааты жана студенттер менен жолугушат. Кечинде борбордук стадиондо Бишкектен барышкан артисттердин катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланып, президенттин эл менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу дубандагы кабарчыбыз кабарлады. (AJ)