Бул тууралуу бүгүн парламентте Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев билдирди. Ал парламент отурумуна “2010-жылга бүджеттин резолюциясынын долбоору жана 2011-2012-жылга божомолун” сунуштады. Анын айтымында, ички дүң продукция 245 миллиард сомдон келерки жылы 30 миллиардга көбөйүшү керек. “2010-жылы салык төлөмдөрү 42 миллиард сом, 2011-жылы 51 миллиард сомду түзүүсү күтүлүүдө”,-деди Кожошев. (AJ)