Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынан депутат Бегалы Наргозуев парламент отурумунда Этика жана регламент комитетинен өтүндү. Ал депутат Максат Кунакуновдун докладына суроо бергенде жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Ч.Баекова күлкүгө салып түшүндүрмө бергенине нааразы болуп, анын мындай жоругуна депутаттардын арасында дагы нааразы болгондор бар экенин билдирди. Анын айтымында, буга чейин Этика жана регламент комитетинин төрагасы ушул маселе боюнча Ч.Баековага эскертүү берген. Вице-спикер демилгечи экендигин, депутаттарга түшүндүрмө бербегенин, күлкүгө салып сүйлөгөндү билбестигин айтып, “бул маселени Этика комитети териштирсин”,- деди. (AJ)