Бул тууралуу “Асаба” партиясынын лидери Советбек Жамалдинов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 16-июнда аталган партиянын айрым мүчөлөрү чукул курултай өткөрүшүп Салмоорбек Дыйкановду партиянын төрагалыгына шайлаганы партиянын уставына карама-каршы келет. “С.Дыйканов өткөн жылы өз каалоосу менен “Асаба” партиясынын катарынан чыккан. Булардын артында Азимбек Бекназаров турат. Ал кайрадан партиянын төрагасы болууну көздөөдө. Бирок А.Бекназаров дагы “Асабанын” катарынан чыгарылган. Эртең бул маселе партиянын саясий бюросунда каралат. “Жалган Асабачылар” мындай иш аракеттерин токтотпосо укук коргоо органдарына кайрылабыз”,-деди Жамалдинов. Партиянын төрагасы “Асаба” партиясы президенттикке талапкер Темир Сариевди колдошорун белгиледи. Ал эми Салмоорбек Дыйканов жетектеген экинчи тарап БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевди колдошорун маалымдашкан. БЭКтин штабынын башчысы Азимбек Бекназаров "Асабанын" иөрагалыгынан жана Ордо кеңешинен кеткенин, бирок партиянын катарынан чыкпаганын "Азаттыкка" билдирди. Ал С.Дыйканов жетектеген топтун артында турат дегенге эч бир негиз жоктугун белгилеп, негизинен партиянынын жетекчилиги жаңырып, жаштар менен толукталышы керек деп эсептейт. (AJ)