Бишкек шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкармалыктын жетекчиси Руслан Бейшенбаев соңку эки айдын ичинде уруксаты жок коюлган жүздөн ашуун көчө дүкөндөрү жана күркөлөр алынганын билдирди. Мындай дүкөнчөлөрдүн ээлери салык төлөбөй, шаар бюджетине олуттуу зыян келгенин, ошондуктан аларды алуу иштери улантылып жатканын айтты. Бишкекте күркөлөр жана көчө дүкөндөрдүн саны төрт жарым миңге чамалайт. (EBM)