Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 00:20

М.Жураев: Камбар-Ата-2ге акционердик коом түзүүгө караманча-каршымын


Бул тууралуу СДП фракциясынан депутат Мурат Жураев парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, Камбар-Ата-2 ГЭСке акционердик коомду түзүү менен Орусиядан алынуучу 1 миллиард доллардан ашуун каражатка башка бирөөлөрдүн ээлик кылуусуна шарт түзүлүп жатат. Ал ошондой эле “Суу режими боюнча” мыйзамды “Ак жол” фракциясы жокко чыгарып салгандан кийин, суу боюнча башкаруунун рычагы жоголгонун белгиледи. “Канчалаган электр тармагында акционердик коомдор түзүлдү. “Электр станциялар”, “Манас” акционердик коому, Майлы-Суудагы электр лампаларды чыгаруучу, Канттагы цемент заводундагы акционердик коомдор көзөмөлдөн чыгып, башкарылбай калбадыбы. Ошондуктан Камбар-Ата-2 ГЭСке акционердик коомду түзүү Кыргызстандын кызыкчылыгына карама-каршы келет”,- деди Жураев. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов болсо акционердик коом түзүү менен аталган ГЭСтин курулушу натыйжалуу болорун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG