Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

Талас: милиция оппозиция өкүлдөрүн президенттин жолун тороо аракети үчүн кармаганын билдирди


Талас облустук ички иштер башкармалыгынан 18-июнда милиция менен оппозициянын жактоочуларынын ортосунда болгон чыр-чатактын чоо-жайы жөнүндө түшүндүрмө берген кат келди. Анда Долоно айылындагы “Манас- Ордого” бара турган жолго 25-30 дай оппозиция өкүлдөрү чыгып, санкцияланбаган митинг өткөзүүгө жана президенттин кортежинин астын тороого аракет жасагандыгы үчүн аларды милиция кармап кетип, эскертүү берип кое берип жибергени айтылат. Милициянын маалыматы боюнча оппозициянын жактоочулары облустук улуттук коопсуздук кызматы жана райондук прокурордун оозэки эскерткенине карабастан мыйзамсыз чогулушкан. Оппозициянын өкүлдөрү өз кезегинде алар тараптан митинг-пикет уюштуруу аракети болгон эместигин белгилеп, милиция окуяны өзүнүн мыйзамсыз аракетин актоо үчүн башкача көрсөтүп жатат деп айтышты. (UA)

XS
SM
MD
LG