Былтыр Ош шаардык соту жергиликтүү эксперттердин корутундусуна таянып
”Акыйкат сот – чындык” бейөкмөт уюмунун башчысы Равшан Гапировду
Интернет аркылуу диний экстремисттик маанайдагы баракчаларды тараткан
деп айыптап, бир жылга эркинен ажыраткан. Бирок Ош облустук соту
республикалык эксперттердин корутундусун карап чыгып, укук коргоочунун
аракетинде кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, толук актады. Ушуга
байланыштуу Равшан Гапиров аны камоого көмөктөшкөн тергөөчүнүн,
прокурордун, төрт судьянын жана эки диний эксперттин үстүнөн кылмыш
ишин козгоп, алардан жабырлануучунун пайдасына жалпы суммасы 10
миллион сом моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүп Ош
облустук сотуна арыз жолдоду. (АТо)