Маңзаттарга каршы күрөш агенттигинин кызматкерлери Чүйдөгү Маевка айлында короосуна апийим айдаган адамды колго түшүрдү. Вячеслав Татаренко апийимди жаап-жашырбай эле көз көрүнөө өстүрүп жүргөн. Аталган агенттиктин билдиришинче, Кыргызстанда апийимди короого айдоо чанда кездешчү көрүнүш болчу. Азыр Ооганстандан кылмыш жолу менен алынып келген маңзаттардын кымбаттыгынан улам, айрым баңзат колдонуучулар үйлөрүнө өстүрө баштады. (EBM)