Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Иранда айрым шайлоо чөлкөмдөрүндө добуштар кайра эсептелиши мүмкүн


Иран өкмөттүк сыналгысынын кабардашынча, Сакчылар Кеңеши талаш-тартыштуу президенттик шайлоодогу добуштар салынган кутулардын 10 пайызга жакын бөлүгүн кайра санап чыгууга даяр экенин бүгүн (20-июнда) билдирди. Оппозициялык эки талапкер – Мир Хусейн Мусави менен Мехди Карруби Сакчылар Кеңешинин бүгүнкү жыйынына келбей койгону да маалымдалды.
Руханий жетекчиликтин эскертүүсүнө карабастан, 12-июндагы шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп нааразы болгон ирандык калайык бүгүн (ишембиде) да нааразылык жыйынына чыгууга камынууда. Ирандын Коопсуздук кеңеши жеңилгендиги расмий жарыяланган реформачыл президенттик талапкер Мир Хусейн Мусавиге мындан аркы нааразылык иш-чараларынын кесепеттери үчүн өзүң жооп бересиң деп ишембиде эскертти.
Кечээ, 19-июнда, Ирандын руханий көсөмү аятолла Хаменейи 12-июндагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүү жөнүндөгү оппозициянын талабын жүйөсүз кеп деп, шайлоо жыйынтыгын таанууга чакырды. Айатолла Хаменейи Ирандагы адам укугун бузуу учурларын сындаганы үчүн Британияга акаарат келтирди, ал эми расмий Лондон болсо анын айыптоосун четке какты.

XS
SM
MD
LG