Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Ош шаарындагы балдардын жападан жалгыз лагери качан ачылары белгисиз


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган шаардык агартуу башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаевдин айтымында, «Жаштык» лагери жергиликтүү бюджеттин эсебинен ремонттолуп бүттү. 600 чакты баланы үч агымда багып-тарбиялаганга 1 миллион 200 сом зарыл, бирок мынча каражатты кесиптик кошундар алигүнчө ажырата элек. Деген менен ата-энелердин пикиринче, былтыркыдай эле жеткинчектердин эс алуусу үзгүлтүккө учуратылат. Ошондуктан жалгыз лагердин туруктуу иштешин камсыз кылбаган аймактык кесиптик уюмдун башчыларын кызматынан бошотуу маселеси бышып жетилди. (ATo)

XS
SM
MD
LG