Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

“Азаттыктын” Түркмөн кызматынын кабарчысы С.Овезбердиев дүйнө салды


Кечээ, 19-июнда, “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Түркмөн кызматынын тыш кабарчысы Сапармурат Овезбердиев 71 жашында кайтыш болду. Ал соңку убакта рак оорусунан жабыркап жүргөн. 2003-жылы Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги ага эскертүү жасап, “эгерде “Азаттык” менен кызматташууну улантсаң, анда өмүрүңөн айрыласың” деп коркуткан. Сапармурат Овезбердиев 2004-жылы бозгунга кетүүгө аргасыз болуп, ошондон бери АКШда (Вашингтондо) байырлап келди. Бүгүн “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” жетекчилиги маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын бөлүшүп, көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG