Эл аралык “Транспэренси интернэшнл” уюмунун жетекчиси Угетт Лабелль 1-июлда Кыргызстанга иш-сапары менен келет. Бул тууралуу Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин маалымат кызматы билдирет. Иш-сапарынын алкагында Угетт Лабелль агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров, парламент төрагасы Айтибай Тагаев жана президент Курманбек Бакиев менен жолугушмакчы. Бул жолугушууларда дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы коррупция маселеси талкууланмакчы. “Транпэренси интернэшнл” – дүйнөлүк деңгээлде коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү багытында иштеген эл аралык уюм болуп саналат. Уюмдун былтыркы докладында коррупциянын деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 166-орунду ээлеген. (IJz)