Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

“Ак шумкар”: Исфана шаарында Темир Сариевге чоң тоскоолдуктар болду


Кыргызстандын түштүгүндө шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн президенттикке талапкер, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге тоскоолдуктар уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Уланбек Карыпов билдирди. Анын айтымында, 21-июнда Исфана шаарына барышкан Темир Сариевдин штабына жергиликтүү бийлик атайын имарат берүүдөн баш тарткан. “Имарат берилбегендиктен айла жок күндүн ысыгында көчөдө чогулдук. Сүйлөп атканыбызда электр жарыгын да өчүрүп салышты”,- дейт У.Карыпов. Ушундай тоскоолдуктарды уюштуруу аркылуу бийлик шайлоодо талапкерлерге бирдей укук камсыз кылбай жатканын айткан партия өкүлү, жергиликтүү атка минерлер “бөрк ал десе баш алып” атышканын баса белгиледи. Эми президенттикке талапкер Темир Сариев 22-июнда Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында болуп, 23-июнда Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушууга чыгат. Бийлик өкүлдөрү болсо бардык талапкерлер бирдей укукка ээ экендигин жана эч кандай административдик чаралар колдонулбасын айтып келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG