Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Иран полициясы демонстранттарга каршы чечкиндүү чара көрүлөт деп эскертти


Анын аралыгында Иран полициясынын жетекчиси оппозициянын лидери Мир Хоссейин Мусавиге нааразылык акцияларына “чечкиндүү жооп кайтарылат” деп эскертти. Исмаил Ахмади Могхаддамдын ырастоосунда, “бандиттер” Мусави түзгөн “мыйзамсыз кырдаалдын капшабында” аракеттенишүүдө. Оппозиция президенттик шайлоо бурмаланды деп, анын жыйынтыктарын таануудан баш тартууда. 12-июнь күнкү добуш берүүнү президент Махмуд Ахмадинежаддын жеңгени жарыялангандан кийин Иранда нааразылык чыгуулары тынбай жатат. АКШ президенти Барак Обама Иран өкмөтүн өз элине каршы зордукчул жана адилетсиз аракеттерин токтотууга үндөдү. Ирандын мамлекттик маалымат каражаттарынын дагы бир кабарына ылайык, жан кечти Аятолла Хомейнинин күмбөзүндө жардырган бомбадан 2 киши набыт кетти, 8 киши жарадар болду.

XS
SM
MD
LG