Анын ачылышына дүйнөнүн булуң-бурчунан келген белгилүү адамдар катышты. Афина бийлиги айнек жана бетондон курулган жаңы имарат Британияга алынып кеткен Парфенондун байыркы айкелдерин кайтарууга жардамдашат деп үмүттөнөт. Айкелдер 19-кылымдын башында Британиянын Осмон империясындагы элчиси лорд Элжин тарабынан Британ музейине сатылган. Грекия бийлиги көптөн бери байыркы экспонаттарды тарыхый мекенине кайтарууга аракеттенүүдө.