Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, калаадагы 82 участкалык шайлоо комиссиясына партиялардан «Ак жол» - 77, социал-демократтар – 75, коммунисттер – 74, «Жаңы Кыргызстан» - 68, «Ата Мекен» - 12 өкүлүн мүчөлүккө сунуш этти. Талаш учурда маселе чүчүкулак кармоо жолу менен чечилмекчи. Участкалык шайлоо комиссиялардын толук курамы 23-июнда жарыяланаары күтүлүүдө. Ошол эле учурда Бириккен Элдик кыймылдын Оштогу өкүлдөрүнүн айтышынча, БЭКтин курамына кирген партиялардын мүчөлөрүн участкалык комиссияларга тандоодо түрдүү тоскоолдуктар болууда. Мисалы, толук эмес деген шылтоо менен айрым жарандардын документтери ээлерине кайтарылды. (ATo)