Саламаттык сактоо министринин буйругу менен 22-июндан 27-июнга чейин Республикалык урология илимий борборунда жана башка дарылоо мекемелеринде “Эркектердин ден-соолугу жумалыгы” кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, эркектер медициналык текшерүүдөн акысыз өтүшөт. Кыргызстанда бул акция беш жылдан бери өткөрүлүп, жылыга 1500дөн ашуун эркектер текшерүүдөн өтүшүп, дарыланууга кеңеш алышат. “Эркектердин ден-соолугу жумалыгын” өткөрүү 2002-жылы Австриянын Вена шаарында Эркектердин саламаттыгы жана гендери эл аралык коому демилге көтөрүп, II Эл аралык конгрессте кабыл алынган. (AJ)