Бул тууралуу кечээ Португалиянын тышкы иштер министри Луиш Амадо билдирген. Мунун алдында ал жума күнү АКШ администрациясынын Гуантанамо түрмөсүн жабуу боюнча атайын өкүлү Даниэл Фрид менен кездешкен эле. Террорчулукта шектелген чет элдиктер кармалган бул түрмөнү келерки жылдын башына чейин жабууну убада кылган АКШ президенти Барак Обама Европа өлкөлөрүнөн камакта отурган 229 айыпкердин айрымдарын кабыл алууну суранган.