Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Иранда журналисттер менен блоггерлердин кеминде жыйырма төртү камалды


Мындай маалыматты баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму таратты. Уюм өз билдирүүсүндө белгилегендей, кабарчылар Иран жетекчилигинин өлкөдө нааразылык акциялар жүрүп жаткан бир аптадан ашуун убакыттан бери “башкы бутасы” болууда.

Камалгандар арасында Ирандын журналисттер ассоцияциасынын төрагасы, Newsweek журналынын канадалык кабарчысы бар. Би-Би-Синин кабарчысына болсо Иран бийликтери өлкөдөн чыгып кетүүнү буюруду. Расмий Тегеран чет элдик маалымат каражаттарынын кабарчыларына өлкөдөгү нааразылык акцияларын чагылдыруусуна тыюу салган.

XS
SM
MD
LG