Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Темир Сариев Баткендеги жолугушууларын аяктап, Ошко сапар алды


Талапкер бүгүн Кадамжай районунун борборунда 200дөн ашуун шайлоочу менен жолугушту . Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген талапкер Темир Сариев Баткен эли өзүн калыстык, меймандостук менен тосуп алганына ыраазылыгын билдирип, “Түштүк жергеси Сариевди колдобойт, деген бекер сөз, түштүктө дагы биздин партиянын колдоочулары бар экендигине толук ынандым,” деп айтты. Талапкер шайлоочулар менен жолугушууну уюштурууга жергиликтүү бийлик тарабынан түрдүү бут тосуулар болууда, атайын даярдалган адамдар жагымсыз суроолорду да беришти, бирок аларды эл өзү эле кайра тыйып коюп атышат, деп кошумчалады. Темир Сариев бүгүн түштөн кийин Кызыл-Кыя шаарына, андан ары Ош шаарына барып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрмөкчү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG