Мындай чечимди түштүк борбору Ош шаардык транспорт агенттигинин жетекчилиги чыгарды. Мындан тышкары маршруттук унаанын айдоочуларына машинанын ичин тазалыкта кармоо, жол коопсуздугуна ылайык салонго жүргүнчүлөрдү шыкап салбоо жана өздөрүнүн тышкы көрүнүшүн жөнгө салуу менен жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо милдеттендирилди. Бүгүнкү күнү Ош шаарында күн сайын 800дөн ашуун маршруттук унаа эл ташыйт, жол акынын баасы 5 сом, деп кабарлайт жергиликтүү кабарчыбыз.(ZKo)