Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

Талас ИИБ: БЭКтин мүчөлөрү К. Бакиевдин жолун тороого аракет кылышкан


2009-жылдын 18-июнунда болгон окуяга байланыштуу билдирүүсүн Талас облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн “Азаттыкка” жолдоду. Анда “Президенттикке талапкер К. Бакиев Таластагы шайлоочулары менен жолугушуу үчүн келе жаткан учурда А. Атамбаевдин жактоочулары “Манас-Ордо” улуттук комплексине чейин жөө жүрүш уюштуруп, муну менен К. Бакиевдин кортежинин жолун тороп, талапкер менен жолугушмак болушту. Булардын ичинен 10 кишиге Талас райондук прокурору алдын ала эскертүү бергенине карабай, жөө жүрүштүн катышуучулары жолду тороп, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун бузууга аракет кылышты,” деп айтылат. Облустук милициянын билдирүүсүндө айтылгандай мындай мыйзамсыз аракеттерден кийин 20 чакты кишини тартип сакчылары күч колдонбостон Талас РИИБнө жеткирип, ал жерде прокурор эскертүү бергенден кийин кайра бошотуп коюшкан.
Мурда кабарлангандай 18-июнда Таласка шайлоочулары менен жолугушууга барган К. Бакиевдин президенттик программасын угууга баруу үчүн чогулуп жаткан адамдарды милиция ага жеткирбей кармап кеткен. Андан тышкары “Манас Ордо” комплексинин ичинде А. Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн көйнөктөрдү кийип жүргөн он чакты кишини да милиция “чакыруу кагазыңар жок” деген себеп менен кармап, президент К. Бакиев облус аймагынан чыгып кеткиче РИИБдө камап турушкан. БЭКтин Талас штабынын жетекчиси Койсун Курманалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча кармалган адамдардын көпчүлүгү БЭКке тиешеси жок, жайкын адамдар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG