Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Ош, Нарында эл аралык унаа бекеттер салынат


Кыргыз Чек ара кызматынын жетекчилиги 18-22-июнь күндөрү Кытайда иш сапар менен болду. Анын жүрүшүндө Нарын жана Оштун чек ара отряддарында “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” деп аталган унаа бекеттерин ачуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Аталган кызматтын билдиришинче, бекеттерди ачуу боюнча сүйлөшүү 2008-жылда эле башталган. Аларды курууга Кытай техникалык-аскердик жактан жардам берет. Бул унаа бекеттерди кургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип кыргыз тарап Арпа, Аксай жайлоолорун Кытайга берген жатат, деген элде кеп чыкканын, бирок бул жалган маалымат экенин Чек ара кызматы расмий тастыктады. (EBM)

XS
SM
MD
LG