Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Президент рейдерликке каршы күчөтүлгөн мыйзам долбоорун парламентке жолдоду


Мыйзам долбоорунда менчикти түрдүү жолдор менен тартып алууга каршы күчөтүлгөн чараларды көрүү тууралуу айтылат. Адилет министри Нурлан Турсункуловдун бүгүн ЖК коргоо, коопсуздук, укук жана соттук-укуктук реформа комитетинде билдиргени боюнча долбоорго коомерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин коммерциялык тыңчылык, кызмат абалынан пайдалануу, пара берүү жана башка кылмыштуу аракеттери менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген. Мындан тышкары жаңы мыйзам долбооруна ылайык экономикалык кылмыш менен камакка алынгандардын баш коргоо чарасы өтө чоң суммадагы күрөө акчасы коюлган соң гана өзгөртүлөт. Мындай олуттуу чара жерди мыйзамсыз бөлүштүргөндөргө, коммерциялык жана банк сырларын сатууга жана алууга аракет кылгандарга да көрүлүп, аларды 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми менчикти ээлеп алуу максаты менен мыйзамсыз козголгон кылмыш иши үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Аталган мыйзам долбоору ЖК комитеттерине, фракцияларына жана жалпы парламенттин кароосуна жиберилди. Мыйзам долбоорунда менчикти түрдүү жолдор менен тартып алууга каршы күчөтүлгөн чараларды көрүү тууралуу айтылат. Адилет министри Нурлан Турсункуловдун бүгүн ЖК коргоо, коопсуздук, укук жана соттук-укуктук реформа комитетинде билдиргени боюнча долбоорго коомерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин коммерциялык тыңчылык, кызмат абалынан пайдалануу, пара берүү жана башка кылмыштуу аракеттери менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген. Мындан тышкары жаңы мыйзам долбооруна ылайык экономикалык кылмыш менен камакка алынгандардын баш коргоо чарасы өтө чоң суммадагы күрөө акчасы коюлган соң гана өзгөртүлөт. Мындай олуттуу чара жерди мыйзамсыз бөлүштүргөндөргө, коммерциялык жана банк сырларын сатууга жана алууга аракет кылгандарга да көрүлүп, аларды 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ал эми менчикти ээлеп алуу максаты менен мыйзамсыз козголгон кылмыш иши үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Аталган мыйзам долбоору ЖК комитеттерине, фракцияларына жана жалпы парламенттин кароосуна жиберилди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG