Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

Багдадда бомба жарылып, 5 киши набыт болду


Ирактын ордо шаары Багдаддын шийилер басымдуулук кылган Садр районунда бүгүнкү жарылуудан 5 киши набыт болуп, дагы 17 адам жараат алды. Коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына ылайык, жергиликтүү университеттин студенттери бараткан чакан автобус жол боюна коюлган минага кабылган. Ал аралыкта Багдаддын түндүк-чыгышындагы Шааб районунда бомбанын жарылуусунан бир аял жана анын төрт жашар баласы мерт кетип, дагы төрт киши жараат алды. Бул кол салуулар 30-июнга белгиленген АКШ аскерлеринин бир катар ирактык шаарлардан чыгарылып кетишинин алдыңкы мезгилинде орун алган соңку кандуу окуялардан болуп калды.

XS
SM
MD
LG