Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде кол салуудан үч ооган жоокер набыт болуп, дагы беш жоокер жана эки жайкын тургун жараат алды. Полициянын маалыматына ылайык, Кандагар вилайетинин Зади ооданында жанкечти миналанган унааны жоокерлер өтүп баратканда жардырып жиберген. Талип жоочулары бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганы кабардалды.