Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Ингуш президенти бомба жардыруудан улам жарадар болду


Бүгүн бомба жардыруудан улам жараат алган Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуровго операция жасалды. Дарыгерлердин айтымында, анын саламаттыгы дурус абалда. Тартип коргоо кызматкерлеринин маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен президент ишине баратканда жол боюндагы унаада отурган жанкечти өзүн жардырып жиберген. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев бул кол салууну айыптап, аны кылмыштуу топтор жасады деди жана Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук кызматына окуяны терең иликтөөгө буйрук берди.

XS
SM
MD
LG