Бүгүн парламент депутаттары АКШнын юристтери менен бирдикте эл аралык бала багып алуу боюнча маселени карашат. Ал эми жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт комитетинде “ “Жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланат. Транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинде “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзам долбоорунун экинчи окуусу, “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. (AJ)