Бул тууралуу француз президенти Николя Саркози кечээ парламенттин кош палатасынын биргелешкен жыйынында сүйлөгөн учурунда билдирди. Ички саясаттын проблемаларына арналган сөзүндө француз президенти ислам дини башка диндер сыяктуу эле Францияда урматталуусу керектигин, бирок паранжы диний символ эмес экенин, ал аялдын ар намысын тебелээрин, аны эрксиз кыларын белгиледи
Мурдараак француз депутаттары аялдар паранжыны эл алдында кийип жүрүүсүнө тыюу салуу керекпи же жокпу деген маселени иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүгө чакырышкан. Паранжычан мусулман аялдар Францияда аз кездешкени менен бул - күчөп бара жаткан көрүнүш.
Франция – Батыш Европанын мусулмандар эң көп жашаган өлкөсү, азыр алардын саны 5 миллиондун тегерегинде.
2004-жылы Франция мусулман кыздардын мамлекеттик окуу жайларда хижабчан же моюну менен башына жоолук ороп жүрүүсүнө тыю салып, бул маселе өлкөнүн өзүндө, сыртта да кызуу талкууларды, нааразылык акцияларын жараткан.