Пан Ги Мун өз билдирүүсүндө Ирандын бийликтерин талаштуу президенттик шайлоонун соңунан жарандарга каршы күч колдонуу менен катар камоолорду, коркутуп-үркүтүүлөрдү токтотууга үндөдү. Мунун алдында кечээ Тегеранда чогулган 200дөй демонстрант күч менен куулуп, таркатылган эле. Алар андан мурдагы нааразылык акциясы учурунда атып өлтүрүлгөн аялды эскерүү үчүн чогулушкан болчу.
Жакындагы президенттик шайлоодо жеңилди деп табылган оппозиция талапкери Мир Хоссеин Мусавинин добуштар бурмаланды деп эсептеген жактоочулары шайлоо өткөн 12-июндан бери тынчый элек.
Ирандын Революциялык кошууну демонстрацияларды улантуу аракети жасалса, ал күч менен басыларын эскерткен. Революциялык кошуун өз билдирүүсүндө шайлоо жыйынтыгына макул болбой жаткандардын нааразылык акциясын Иранга каршы “кутум”, “саботаж жана тополоң уюштуруу аракети” деп атады.
Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Чехия кечээ уюмга мүчө өлкөлөрдү Тегерандагы зордук-зомбулуктарга байланыштуу Ирандын Европадагы өлчүлүктөрүнө нааразылык билдирүүгө чакырды. Андан бир күн мурда Иран тышкы иштер министрлиги Евробиримдик демонстранттарга каршы көрүлгөн чараларды сындаганы үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрүнүн элчилерин чакырып, өз нааразылыгын айткан.