“Электр станциялары” АКнан маалымдашкандай ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун агымы секундасына 1395 метр куб болууда, ал эми агып чыккан суу секундасына 215 метр куб. Суунун агып кирүүсү акыркы үч жыл ичиндеги эң көп көрсөткүч, деп белгилешет маалымат ээлери. Алсак, 2008-жылы 23-июнда Токтогул суу сактагычына агып кирген суу секундасына 738 метр кубду, 2007-жылы 831, ал эми 2006-жылы 857 метр куб болгон.(ZKo)