Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:34

Кочкорлуктар шайлоого бойкот жарыялаганы турушат


Эгерде райондогу тери иштеткен кытай ишканасы тез арада жабылбаса, биз шайлоого катышпайбыз, деп билдиришет Кочкордун Кара-Тоо айлынын 300гө чукул тургуну “Азаттыкка” жолдогон маалыматында. Маалыматта айтылгандай алар кечээтен бери Кочкор –Кум-Дөбө - Семиз-Бел жолун тосуп отурушат. Негизги талап – кытай ишкерлери иштетип жаткан Чакмак-Дарыя тери иштетүүчү заводун жабуу. Маалыматта ошондой эле тери иштетүүчү ишкана иштегенден бери айылдын экологиясы бузулуп, сууну ичүүгө мүмкүн эмес болуп, ишканага катар өскөн чөптү мал жебей калган. “Биз өзүбүздүн, балдарыбыздын ден соолугуна, келечегине кабатыр болуп, буга чейин тиешелүү жактарга кайрылып, бирок жооп ала алган жокуз, райондун акими ишкана жабылат, деп убада берген, бирок ишкана бүгүнкү күндө деле жабылбай эле иштеп келүүдө. Кечээ боз үй тигип отурсак, түн ичинде жергиликтүү бийлик боз үйдү күч менен чечип кетти,” деп жазылат маалыматта.(ZKo)

XS
SM
MD
LG