Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Конституциялык сотто Исмаил Исаков менен Эмилбек Каптагаевдин арызы каралууда


Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаков менен “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев Кылмыш Жаза кодексинин 73-беренесинде “жеке арыз боюнча соттун чечими өйдөкү сот инстанциясында каралбайт” деп укуктук ченем киргизилгендигине макул эместигин билдирип, Конституциялык сотко кайрылышкан. Ал эми Конституцияда болсо акыркы чечим Жогорку Соттун чечими болуп эсептелет деп көрсөтүлгөн. Бүгүн сотко катышып отурган Жогорку Кеңештин өкүлү да доо арыз ээлери менен макулдугун билдирди. Ишти КР Конституциялык соту Светлана Сыдыкова баш болгон алты судья карап жатышат. Учурда алар чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетишти. Консоттун чечими түштөн кийин белгилүү болот.
Исамил Исаков ага байланыштуу ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотунун Жогорку Сотко кайрылганга болбойт деген чечим чыгаруу укугун кайра карап чыгууну, Эмил Каптагаев болсо анын ишин карап жаткан Ысык-Көл облустук сотунун чечими акыркы жана даттанууга жайтпайт деген чечими Баш мыйзамга ылайык келбейт деп, жогорудагы беренени өзгөртүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко арыз жолдошкон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG