Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

ИИМдин “Шер” деп аталган атайын отряды Баткенге жиберилди


Алар Кыргызстандын аймагына Ооганстан тараптан террористтердин кирүү коркунучунун алдын алуу үчүн жиберилди. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Жакыпбек Азизов бүгүн маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. ИИМдин “Шер” деп аталган атайын отрядынын курамында тиешелүү даярдыктан өткөн 60 аскер бар, аталган отряд 20-июнда Баткенге чыгып кеткен.
Ошондой эле ИИМдин “Бөрү” деп аталган отряды да Баткендеги кыргыз-тажик чегарасына чек араны бекемдөө жана коопсуздукту күчөтүү максатында жөнөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG