Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Жалал-Абаттагы ок атышууга милициянын тиешеси жок


Бул тууралуу ИИМ басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Айрым божомолдор боюнча УКМК кызматкерлери өзгөчө коркунучтуу адамдарды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатышат. Бирок УКМКнын маалымат катчысы Рысбек Быкын уулу азырынча буга байланыштуу эч кандай маалымат берилбесин “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми ишеничтүү булактардан алынган маалыматтарга караганда үч сааттан бери Сузак районундагы Пахта-Абат көчөсүндөгү үй курчоого алынып турат, ок атышуулар болду. Ал эми милиция кызматкерлери жабыркады, деген маалымат да төгүнгө чыгууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG