Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Транзиттик-логистикалык базадан аскердик эмес жүктөр гана ташылуусу күмөн туудурууда


Мындай пикирин ЖКтин эл аралык иштер, парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинде “Ак жол” фракциясынын депутаты Рашит Тагаев билдирди. Анын “базадан аскердик эмес жүктөр гана ташылабы?” деген суроосуна тышкы иштер министри жооп бере алган жок. Ал эми социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов министрге “Март айында эле абал жакшырып калган Ооганстанда июнда эле кырдаал курчуп кеттиби?” деген суроо узатты. Бакыт Бешимовдун айтуусунда бир позициядан экинчисине улам секире берүү -өлкөнүн тышкы саясаттагы гана эмес, эл аралык коомчулуктагы аброюна да шек келтирет. Аягында “Манас” эл аралык аэропортуна аскердик эмес жүктөрдү ташуу боюнча транзиттик-логистикалык база түзүү тууралуу АКШ-Кыргызстан өкмөттөрүнүн келишимин ратификациялоого комитеттин Бакыт Бешимовдон бөлөк мүчөлөрү макулдук беришти. Бакыт Бешимов 18-февралда "Манас" аба базасынын Кыргызстандан чыгарылышына каршы чыккан саналуу депутаттардын бири.
Аталган келишимди ратификациялоо маселеси жалпы парламенттин кароосуна жакынкы күндөрү алынып чыгышы мүмкүн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG